• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Бишкекте пенсионер 3-кабаттан кулап кетип каза болду

16 Теке 202113:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы 8-кичи районунда жайгашкан турак үйдүн 3-кабатынан кулап кеткен пенсионер каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 75 жаштагы кемпир көп кабаттуу үйдүн алдында жайгашкан дүкөндүн чатырына кулап түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, альпинисттик шаймандын жардамы менен жансыз денени чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 439