• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте пенсионерди өлтүрө сабаган шектүү кармалды

25 Тогуздун айы 202215:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 23-октябрда болжол менен саат 21:10до «102» кызматына Абдыкадыров көчөсүндө белгисиз аял сабалган абалда жатат деген маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлери үй ээси менен ошол батирде убактылуу жашаган жарандын ортосунда уруш чыккандыгын такташкан. 83 жаштагы үй ээси катуу сабалып, эс учуна келбей, ооруканага жетпей көз жумган. Ыкчам кармоо иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Ы.Н. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБнин Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты Ленин райондук ИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Количество просмотров: 608