• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте пенсионерди сүзүп качып кеткен кыз кармалды

11 Жетинин айы 2021 11:25 Бишкек Govori.TV

Бишкекте пенсионерди сүзүп качкан кыз кармалды. Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерден из жашырган айдоочу Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан колго түшкөн.

Кырсык 2021-жылдын 17-октябрында болжол менен саат 10:00 чамасында катталган. Анда белгисиз айдоочу автоунаасы менен Ч. Айтматов көчөсү аркылуу түштүктү көздөй бара жатып, А. Баатыр көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жол кырсыгынан 1940-жылы туулган К.В., аттуу жаран жабыркап, №4-шаардык ооруканага жеткирилген.

«Аталган факт боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасынын 1993-жылы туулган М.М. аттуу кыз аныктап, Бишкек ШИИББнын Жол кырсыктарын тергөө боюнча Тергөө кызматына жеткиришкен», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 428