Бишкек. 27.01.2018.Govori.TV.
Жылуулук системасындагы суунун температурасы төмөндөгөндөн кийин шаардыктар тоңуп баштаганын билдиришти. Фейсбукта Алишер Ташматов деген колдоонучу Бишкектеги пенсионердин үйүнүн терезелерин тоң басып калганы жөнундө жазып чыкты.
https://www.facebook.com/speckor.nts/videos/1707372102652927/?fref=ufi
Ал эми тийиштүү кызматтын өкүлдөрү ТЭЦтеги абал бир нече сааттын ичинде жөнгө салынарын убадалашканы менен абал өзгөргөн жок.
Бишкек мэри Албек Ибраимов үшүгөндөргө кеңеш берди. Муктаж болбогон тиричилик буюмдары — үтүк, кир жуучу машиналарды иштетпей турууну суранган. Ушундай суукта, свет жок болгон убакытта, адамдар кир жууп, үтүктөп отургансып.
26-январда «Электр станциялары» ААКтын маалымат кызматы саат 18:00дө Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берүүчү жабдыктын иштен чыгышынан улам кубаттуулук 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылганын билдирген.