• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте президенттик балаты өтөт

24 Бештин айы 2021 9:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-декабрда президент Садыр Жапаров балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышат. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памириндеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар келет.

Жаңы жылдык концерттик, театрлаштырылган программа КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат.

Количество просмотров: 131