• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте өрттөн бир адам каза болду

24 Жалган куран 2024 9:01 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн борбор калаанын Широкий көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, тилсиз жоо саат 20:03дө толугу менен өчүрүлдү. Тилекке каршы өрт кырсыгынын кесепетинен 1967-жылы туулган М.Р. аттуу эркек киши каза тапкан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Количество просмотров: 105