• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте «Рулда» рейди жүрүп жатат

7 Теке 2021 9:08 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызматы 6-7-июль күндөрү жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын аймагында «За рулём» аталышында рейдтик иш-чара өткөөрүн эскертет.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы бүгүн-эртең жол кырсыктарын алдын алуу, ага жол бербөө, коомдук тартипти сактоо жана айдоочулардын айдоо маданиятына көзөмөл жүргүзүү, ошол эле учурда мас абалында автоунаа башкарган айдоочуларга чара көрүү максатында калаанын борбордук жана жол кырсыгы көп катталган көчөлөрдө автоунааларды токтотуп, текшерүү менен атайын рейдтик иш-чара өтөрүн алдын ала маалымдайт.

«Айрыкча коопсуздук курун тагынбагандарга жана айдоо учурунда телефон колдонгон айдоочуларга өзгөчө басым жасалат», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол эрежени так сактап, айдоочунун жана авто унаанын керектүү документтери болуусун эскертет.

Количество просмотров: 1039