• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте сөз эркиндигин колдоо максатында #REакция 2.0 митинги өтөт

13 Бештин айы 2019 9:24 Бишкек Govori.TV

Борбор калаада сөз эркиндигин колдоо максатында #REакция 2.0 митинги өтөт. Бул тууралуу соцтармактарда жарыяланууда.

Акция Ала-Тоо аянтында 18-декабрда саат 11 жарымда башталат.

Тынчтык акциясынын өтүшүнө бир тууган Матраимовдордун ЖМКларга карата доо арызы себеп болду. Жалпы доо суммасы-60 миллион сом.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.

«Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан иликтенген маалыматты мекемелер аралык тергөө тобу иликтей турганын УКМКдан билдиришкен болчу.

Количество просмотров: 246