• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкекте сабалган жигит ооруканада каза болду

25 Бугу 201916:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.05.2019.Govori.TV.

Адамдын ден соолугуна залал келтирип, өлүмгө жеткирген деген шек менен бир киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 3-мартта 21 жаштагы Т.У. аттуу жигит ооруканага түшкөн. Ал Краснознаменная көчөсү тарапта жаткан жеринен табылган. Дарыгерлер ага мээси жабыркаган деген диагноз коюшкан, бейтап 10-мартта үзүлгөн. Аталган факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

«2-мартта Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде балдар мушташып, Т.У. аттуу жаран Краснознаменная көчөсүн көздөй качкан, анын артынан белгисиз киши кууп жеткен», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү катары 23 жаштагы Б.А. аттуу киши кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Количество просмотров: 14