• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган түнкү клуб жана ресторандар жабылды

4 Аяк оона 2020 17:15 Бишкек Govori.TV

Акыркы жуманын ичинде мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору 189 чарба субъектисин текшерди.

Жыйынтыгында 28 бузуу аныкталды. Айыппулдун суммасы 124 миң сомду түздү.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, 4-сентябрга карата Санитардык-экологиялык инспекциясы «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча 397 протокол түзүп, айыппулдун суммасы – 1 миллион 711 миң сомго жетти.

“Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбору (тамак-аш гигиенасы бөлүмү) тарабынан 2 миллион 707 миң сомго 1 миң 520 протокол түзүлдү, анын ичинен 1 миллион 513 миң 500 сом (750 протокол) коомдук тамактануу жайларына салынган айыппул”, — деп айтылат маалыматта.

Шаардык бийлик белгилегендей, айрым мекемелер калаада эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин жабылды.

Жабылган мекемелердин тизмеси:

Компьютердик клубдар: Ч.Айтматов проспектисиндеги «Оюн» клубу, Турусбеков көчөсү, 100 дарегиндеги «Иллюзион», Тыналиев көчөсү, 1/1 дарегиндеги Evolution Фрунзе көчөсү, 300/3 дарегиндеги «Олимп».

Бильярд клубдары: Фурманов көчөсү, 12 дарегиндеги «Оомат», Ч.Айтматов пр., 97/4 дарегиндеги «Паво», Салиева көчөсү, 180 дарегиндеги «Бильярдос».

Ресторан жана түнкү клубдар: «Кайнар», Coyote Ugly, Metro pub, «Сары-Челек» жана «Салтанат».

Количество просмотров: 35