• Бейшемби 22 Чын куран 2021

Бишкекте санитардык рейддер улантылууда

9 апреля 2021 в 13:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы чарба субъектилериндеги санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүнү күчөттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, райондук акимиаттардын базасында ыкчам топтор иштеп, күн сайын шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев ыкчам топтор менен биргеликте санитардык рейддерди улантууда.

“Шаардын айрым дүкөнүндө кызматкерлер жана шаардыктар санитардык эрежелерди сакташкан эмес, көпчүлүгү бет кап тагынбай, аралык сактабай жүрүшөт. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери тарабынан акт түзүлүп, санитардык ченемдердин сакталышы боюнча эскертүү берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы жарандардан санитардык эрежелерди сактоону өтүнөт. “COVID-19 жана жугуштуу пневмония менен ооругандар көбөйүп жатат. Бет кап тагынып, гигиенаны жакшыртып, аралыкты сактаңыз

Количество просмотров: 101