Бишкекте жүрөгү оорулуу бала сасык тумоо менен ооруканага түшүп, чарчап калды. Маалыматты Govori.TVга Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 22-декбарда болгон.
«22-декабрь күнү Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бала вирустук инфекциянын белгилери менен өтө оор абалда түшкөн. Бала курч респиратордук вирустук инфекциясы менен жаткырылган. Баланын тубаса жүрөк кемтиги болгон жана буга чейин ага операция жасалган. Вирустук инфекция жүрөк-кан тамыр системине таасир эткен», — деп айтылат маалыматта.
Кошумча маалымат берилет.