• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте саясатчылар биригип камактагы туткундардын ишин кайрадан адилет каралышын талап кылышты

14 Бугу 2018 11:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14. 05. 2018. Govori.TV
Бүгүн 14-майда  Бишкекте «Демократия жана саясий туткундар – бири-бирине коошпогон көрүнүш» аттуу форуму өттү. Бул тууралуу форумду уюштуруп жаткан “Сөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюмунан билдиришти.
Анда Кыргызстанда саясий негизде камакка алынган, кысымга кабылгандарды бошотууга бийликке чакырык ташталып, саясатчы, коомдук ишмерлердин камалышы, демократиялык баалуулуктарга шайкеш келээр-келбеси талкууга алынды.
Форумдун жыйынтыгындагы резолюция кабыл алындан кийинки талаптар жарыяланды:
1.Камактагы саясатчылардын иши кайрадан адилет каралып, күнөөсүз экенин далилдөөгө шарт түзүп берүүнү
2.Сотторду көзөмөлгө алып буйрук берип турган Алмаз Мааткасымов жана Манас Арабаевди жумуштан алып жоопко тартууну
3.Акыйкатчы-Омбудсмендин ишине канааттанбоочулук көрсөтүштү
4.Өз оюн эркин айткан журналисттерди куугунтуктоону токтотуу
5.Эл аралык коомчулуктун алдында демократиялык аралча деген кадыр баркын калыбына келтируу боюнча иш-чараларды көрүү.
Количество просмотров: 38