• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек шаарында жардыруу болду

10 Баш оона 201813:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.08.2018. Govori.TV

Бишкек шаарынын Исанов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги көп кабаттуу үй курчоого алынды. Себеби бул жерден жеке ишкерге кол салуу болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда бул аймак курчоого алынып, милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп турат. Ал эми тартип сакчылары абалды иликтеп жатышканын айтышууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуучу зат унаанын алдына коюлган. Милиция кызматкерлери азырынча көп кабаттуу үйдүн аймагына эч кимди өткөрбөй жатышат.
«Бүгүн 11:28де ошол аймактагы тургундар жардыруунун үнүн укканын айтып, маалымдашты. Келип аймакты дароо курчоого алдык. Жардыруудан жабыркагандар жок, күбөлөр суракка алынууда — деди Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Адыл Оморов.

Количество просмотров: 11