• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкекте шахмат аллеясы ачылды

21 Теке 2023 15:03 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде шахмат аллеясы салтанаттуу түрдө ачылды. Шахмат аллеясында келечекте чоңдор, мектеп окуучулары жана мектеп жашына чейинки балдар арасында шахмат жана тогуз коргоол ойноо боюнча турнирлерди, мастер-класстарды өткөрүү пландалууда.

Бүгүнкү иш-чара симфониялык оркестрдин күүлөрү менен коштолуп, ар кандай викториналар, сынактар, интерактивдүү оюндар, шахматтык оюндар уюштурулуп, даамдуу фуршет да болду.

Аллеянын ачылышына Кыргыз шахмат союзунун, КРнын Тогуз коргоол федерациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Количество просмотров: 107