• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте шайлоо участокторунун даярдыгы текшерилди

10 Теке 2021 14:14 Бишкек Govori.TV

Бишкекте шайлоо участокторунун даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкектин биринчи вице-мэри, вице-мэрлери жана райондук администрациялардын башчылары шайлоо участокторунун даярдыктарын текшерүүнү улантууда. Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу, материалдык жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча шаардык кызматтардын бекитилген кызматкерлери участкалык шайлоо комиссияларында даярдыктарды өткөрүүдө.

«Борбор калаада 228 шайлоо участкасы даярдалды: Ленин районунда — 62, Октябрь районунда — 59, Биринчи май районунда — 49, Свердлов районунда — 58»,-деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлунда өтөт.

Количество просмотров: 67