• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте шайлоочулар да, шайлоо участоктору да көбөйдү

21 Баш оона 202417:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы шайлоо участкаларынын саны 228ден 267ге көбөйтүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясында административдик-аймактык реформанын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча өткөн жыйында белгилүү болду.

Маалыматта айтылгандай, административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкек шаарынын курамына 8 айыл аймагы, 1 айыл жана конуштар киргизилген, мындан улам шайлоо участкаларынын саны да көбөйгөн.

Бишкек шаары боюнча ААРге чейинки калктын саны 1 074 075, шайлоочулардын саны (18 жаштан жогоркулар) 419 901 жаранды түзөт.

Учурда Бишкек шаарында калктын саны 1 294 785, шайлоочулардын саны 622 749 жаран, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын саны 45 депутат.

БШК жана АШК өз кезегинде жергиликтүү мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алдыдагы айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоолорду өткөрүү үчүн айылдык аймактарды бириктирүүнү жана шаарларды бириктирүүнү эске алуу менен шайлоо округдарын түзүү маселелерин координациялайт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети калкты каттоо, жерге жайгаштыруу (кадастр) жана статистика чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарга кыска мөөнөттүн ичинде ААР байланыштуу калкты каттоо тутумдарына, административдик-аймактык чек араларга, даректик реестрге бардык зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырган.

Количество просмотров: 93