25-ноябрда борбор шаарда катуу шамал болуп, анын натыйжасында 16 дарактын кулашы катталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта ылайык, жабыркагандар жок, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын бригадалары ар бир чакыруу боюнча ыкчам чыгып, коопсуздукту жана жолдордун тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздоо үчүн түнкү экиге чейин иштерди жүргүзүштү.
Ишкананын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп, кулап калган дарактардын сөңгөктөрүн алышты, жолдорду жана жөө жүрүүчү тилкелерди тазалашты. Негизги кесепеттер жоюлду, аймактарды акыркы тазалоо иштери аяктап баратат.
Муниципалдык ишкана шаар тургундарына шамал күчөгөн учурларда этият болууну жана автоунааларды чоң дарактардын түбүнө токтотпоону сунуштайт.