Бүгүн, 12-июнда Бишкекте соодагерлер Максим Горький атындагы бакчага нааразычылык акцияга чыгышты.
Маалыматка ылайык, чогулган “Дордой Дыйкан”, “Ош базары” жана “Азиз” базарынын соодагерлери электрондук коштомо кагазды жана электрондук эсеп-фактураны колдонууга каршы экендиктерин айтып, патент системасын калтырууну талап кылышууда.
Чогулгандар менен Салык кызматынын кызматкерлери жолукту.
Эске салсак, буга чейин “Дордой Моторс”, “Ош” базарынын соодагерлери нааразычылык акцияларына чыгышкан.
Алар 1-июлдан тарта токтотула турган патент менен иштөө системасын калтырууну талап кылууда.