• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте сот аткаруучулар кармалды

19 Бирдин айы 202512:24 Бишкек Govori.TV

УКМК Бишкек шаарынын Ленин райондук соттук аткаруучулар кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманы аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматта айтылгандай, сот аткаруучулар капитан А.А.А. жана лейтенант М.Т.С. жеке кызыкчылыктарын көздөп, мыйзамсыз кирешелерди алуу максатында өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатып, жарандардан опузалап акча талап кылуу жана алуу үчүн ар кандай шарттарды түзүшкөн.

«Жарандык талаш-тартыштарды кароонун жыйынтыгы боюнча сот чечими, адатта, тараптардын биринин пайдасына чыгарылат жана сот аткаруучулар анын кызыкчылыгы үчүн белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттүү (камакка алуу, карызды өндүрүү, карызды кайтарууга көмөктөшүү ж.б.). Бирок, А.А.А. жана М.Т.С. бул процессти создуктуруп, аларга мыйзамсыз акчалай сыйлык берилмейинче өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарышкан эмес», — деп жазылат маалыматта.

2025-жылдын 18-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кызматкерлер КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмышка шектелип, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 263