Бишкекте талап-тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы кабарлайтбүгүн,
Маалыматка ылайык, окуя 2-ноябрда кечинде Чүй менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
«Өспүрүмгө күч колдонгон топ балдар анын смартфонун тартып алышкан. Бул факт Жазык кодексинин 201-беренеси («Уурулук») менен катталды. Ыкчам иштерди жүргүзгөн №1 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүлөрдү кармады. Алар — 2006-жылы төрөлгөн Б.А., 2005-жылы төрөлгөн М.К., 2004-жылы төрөлгөн А.Н., 2007-жылы төрөлгөн Т.А. Алгач баары убактылуу камакка алынып, шектүүлөрдүн бири Вознесеновка айылындагы балдар абагына убактылуу киргизилди. Башка шектүүлөр ата-энесине өткөрүлүп берилген», — деп айтылат маалыматта.
Тергөө уланып жатат.