• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте спорттун беш түрү боюнча мелдеш өтөт

26 Аяк оона 2019 9:52 Бишкек Govori.TV

Бишкекте заманбап спорттун беш түрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, турнир эл аралык класстагы спорт чебери, дүйнө чемпиону Юрий Хоришкого арналып, 27-29-сентябрь күндөрү өтүп, 18 мамлекеттин спортчулары келиши күтүлүүдө.

«Мелдештин түрлөрүнө фехтование, сууда сүзүү, эркектер арасында ат чабыш, чуркап баратып ок атуу жана ат минүү кирет. Андан тышкары, жаштар жана чоңдор арасында эстафета каралган. Өлкө намысын алты кыз жана алты бала коргомокчу. Турнир жеке жана командалык эсеп боюнча жүргүзүлөт», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 64