• Жекшемби 18 Чын куран 2021

Бишкекте төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт

18 марта 2021 в 9:35 Бишкек Govori.TV

27-28-март күндөрү Бишкек шаарында республикалык акындардын айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара аталган фонддун 20 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналып, мелдештин байге фонду — бир миллион сом.

“27-мартта Коомдук телерадио корпорациясынын концерттик залында тандоо туру өтүп, 28-мартта улуттук филармонияда жеңүүчүлөр аныкталат”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 56