• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте түндө чоңдордун коштоосу жок жүргөн 9 өспүрүм аныкталды 

7 Жалган куран 202411:51 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте түнкүсүн ата-энесинин жана жакын адамдарынын коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө компьютердик клубдарда жана коомдук жайларда жашы жете элек 9 өспүрүм аныкталды.

«Мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашы жете элек өспүрүмдөр мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди»,-деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, жашы жете электерге (18 жашка чейинкилерге) түнкүсүн (жайында 1-июндан 31-августка чейин) саат 23:00дөн 06:00гө чейин, башка убакта саат 22:00 дөн 06:00гө чейин ата-энелердин жана жакындарынын коштоосу жок коомдук жайларда жүрүүсүнө тыюу салынат.

Белгилей кетсек, КР мыйзамдарына ылайык, ата-энелер балдарды тарбиялоо, багуу жана коопсуздугу үчүн жооптуу.

Количество просмотров: 129