• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте түнкү жарышка байланыштуу айрым көчөлөр жабылат

14 Кулжа 2023 11:05 Бишкек Govori.TV

17- июнда саат 20:00 активдүү жашоо образын сүйгөндөр үчүн салттуу KFC Night Run 2023 жарышы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Малыматтта айтылгандай, марафон «АЮ-Гранд» соода борборунун жанында башталат. Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт. Жарым марафондун катышуучулары тандаганына жараша 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркашат.

Жарым марафондун жүрүшүндө негизги жарыш маршруту боюнча саат 20:30дан 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет:

Валиханов көчөсү — Анкарадан Чүй проспектине чейин (түштүктөн түндүккө);

Чүй проспекти — Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин (батыштан чыгышка).

Жол кыймылы үчүн бир гана тилке ачык болот. Уюштуруучулар айдоочуларга абалды түшүнүү менен кабыл алып, маршрутту алдын ала пландап алууларын суранышат.

Иш-чаранын программасы:

19:00 — Катышучулардын чогулуусу, сактоо камеранын ачылышы
20:00 — Иш-чаранын ачылышы жана саламдашуу сөздөрү
20:25 — Катышуучулар үчүн Брифинг
20:40 — Даярдануу
21:00 — 21,1 км аралыкка старт берүү
21:05 — 10 км аралыкка старт берүү
21:10 — 5 км аралыкка старт берүү
21:20 — Шоу программа
22:30 — Бардык жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин сыйлоо убакыты
00:00 — Спорттук иш-чаранын жабылышы

Количество просмотров: 84