• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкекте таң эрте жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады

6 Бугу 201911:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарында бүгүн, 6-майда саат 08:20 чамасында жол кырсык болду. Бишкек ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, «Фольксваген Пассат» менен «Мерседес-Бенц» унаалары кагышкан.

Маалыматка ылайык, биринчи унаа Орозбеков көчөсү менен түштүк багытка бара жаткан. Ал эми «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа түндүк тарапка багыт алган. Кырсыктын кесепетинен «Пассат» унаасынын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле «Мерседес» унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү дарыгерлерге кайрылды.

Унаалар айып короого киргизилип, учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.


Количество просмотров: 15