Бүгүн Бишкекте ак илбирсти коргоого, жалпы экологияны сактоого арналган бешинчи марафон болуп өттү. Марафонду Nomad sport коомдук бирикмеси уюштурду.
Чуркоо марафону Ала Тоо аянтында башталып, Абдрахманов көчөсүнөн тартып ВДНХ, Айтматов проспектине чейин созулду. Марафонго жалпы 4,5 миң адам катышып, чуркоо аралыктары беш чакырым, он төрт чакырым жана андан да узак болду. Мындан тышкары үч жаштан он үч жашка чейинки балдарга өзүнчө жарыш уюштурулду. Майыптуулугу бар адамдар да жарышка катыша алганы жакшы болду.
Чуркоодон түшкөн каражаттар ак илбирсти коргоого жана жалпы экологияны сактоого жумшалат.
Буга чейинки марафондордо чогулган каражаттар да фотокапкандарды алуу жана башка муктаждыктарды чечүүгө коротулган.