Зордуктоого шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга арызды жабыркаган кыздын эжеси жазып, сиңдисин бейтааныш киши зордуктап салганын билдирген. Анын айтымында, окуя 21-февраль күнү саат 20:30 менен 21:30дун ортосунда болгон.
Шектүү катары 2002-жылы туулган жаран кармалган.
Тергөөдө ал таксист болуп иштей турганы, кардарын айткан жерине жеткирип, кайра кайткан учурда кылмыш кылганы белгилүү болгон.