• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте таксистти бычактаганга шектелип өспүрүм кармалды

13 Теке 2023 9:43 Бишкек Govori.TV

Чүйдө таксистке 14 жолу бычак шилтеген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, өспүрүм кармалып, учурда сурак берип жатат.

Эске салсак, 10-июлга караган түнү эркек киши Бишкектеги Туңгуч кичи районунан таксиге отуруп, айдоочудан Новопавловка айылына жеткирип коюуну өтүнгөн. Алар белгиленген жерге жеткен соң кылмышкер айдоочуга бычак менен кол салган. Автоунаанын ачкычын алууга аракет кылып, бирок таксист каршылык көрсөтүп, качканга жетишкен.

Кол салган адам из жашырган. Таксисттин ооруканага жаткырылып, 14 жолу бычак жеген. Шектүүнү тартип сакчылары издеп жатышкан.

Количество просмотров: 154