• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте тамеки чегүүгө каршы рейд өттү

12 Аяк оона 2023 17:56 Бишкек Govori.TV

Бишкекте тамеки чегүүгө каршы рейд өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд учурунда оюн-зоок жайлары текшерилип, «КР жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары аныкталды.

Жыйынтыгында 65 миң сомго айып салынып, 3 протокол түзүлдү.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, тамеки чеккен жаранга айыппул салынарын эскертет.

Количество просмотров: 133