• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте таштанды музейи ачылат

5 Тогуздун айы 2023 11:42 Бишкек Govori.TV

«Булгануунун тарыхын түшүнүү – АРТ ПРОСПЕКТ & ТРЭШ-5» экологиялык искусство фестивалынын алкагында Бишкекте таштанды таштоочу жайдын жанында музей ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айытлыгандай, таштанды музейинин ачылышы 2023-жылдын 7-октябрында «Алтын Казык» конушунда болот.

Белгилей кетсек, экологиялык искусство фестивалы 22-сентябрдан 19-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан, Казакстандан, Россиядан, АКШдан, Швейцариядан, Голландиядан, Грузиядан, Чехиядан жыйырмадан ашык сүрөтчүлөр катышууда. Алар булгануу маселесин чечкен көркөм инсталляцияларды жана иш-чараларды түзүү үчүн бирге иштешет.

Ошондой эле катышуучулар архивдик изилдөөлөр, кайра иштетилген материалдардан жасалган интерактивдүү инсталляциялар, спектаклдер, көргөзмөлөр жана көркөм сессиялар, семинарлар, талкуулар жана презентациялар аркылуу өз аймагындагы булгануу көйгөйлөрүн чагылдырган эмгектерин тартуулашат.

Көргөзмөлөр 2 жерде өтүүдө: Эмен паркынын галереясында жана Бишкек шаардык таштанды жайынын жанындагы «Алтын-Казык» конушундагы социалдык «Сакталган китептер китепканасында».

Количество просмотров: 65