Милициянын кайгуул кызматкерлери телефон жана акчаны жашыруун уурдап кеткендерди кармашты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-апрелде болжол менен саат 02:10 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Салиева жана жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефон уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке келген боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери маалыматты тактаганда, 1984-жылы туулган А.А. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда Ошол эле күнү ошол эле даректе жайгашкан кафелердин биринен белгисиз жарандар арыз ээсинин 7 миң сом турган “Редми Нот-7” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 3 миң 500 сом акчасын жашыруун уурдалганы айтылган.
Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган А. у Т. жана 1992-жылы туулган М.А. аттуу жарандарды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп берилген.