• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Бишкекте тез татымдар текшерилип, 568 миң сомго айып салынды

3 Тогуздун айы 202315:27 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Санэпидкөзөмөл борбору эки күндүн ичинде 37 тез татым түйүнүн текшерди.

Маалыматка ылайык, 10 тез татым жайы убактылуу жабылган. Аныкталган кемчиликтерге байланыштуу жалпысынан 36 протокол толтурулуп, 588 миң сом айып пул салынды.

Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте тамак-ашка жапырт ууланган окуядан улам шаардагы тез татым түйүндөрүн жапырт текшерүүнү тапшырган.

Соңку маалыматка ылайык, шаардагы тез татым түйүндөрүндө шаурмадан уулангандардын саны 71 адамга жетти.

Количество просмотров: 70