Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны 71 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ооруканага 36 адам жаткырылган, алардын бешөө 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар.
«Алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык, айрымдары бүгүн үйүнө чыгарылат»,-деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 1-октябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталган. Уулангандар шаурма жегени белгилүү болгон. Буга байланыштуу тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, убактылуу жабылган. Кечээ тез тамактануучу жайлардан уулангандардын саны 43 болчу.