• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкекте «тез жардам» унаасы менен жеңил унаа кагышты

12 Теке 201912:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.07.2019.Govori.TV

Бишкек шаарында «тез жардам» унаасы менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа кагышты. Бул тууралуу маалыматты шаардын тургуну редакциябызга билдирди. Окуя 12-июлда шаардын Шопоков-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде болгон.

Күбөнүн айтымында, Мерседес үлгүсүндөгү унаа жол чырак жашыл күйүп турган учурда өтүп бара жаткан. Ошол кезде эч кандай эскертүүчү үнү чыкпай, чырагы жанбай келе жаткан «тез жардам» унаасы Мерседести сүзгөн.

Кырсыктан жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 12