• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте тиешелүү документтери жок орнотулган көрнөк-жарнактарды алууда

25 Жетинин айы 2021 15:43 Бишкек Govori.TV

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси, райондук администрациялар Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө тиешелүү документтери жок орнотулган көрнөк-жарнактарды алууда.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 312 жарнама конструкциялары демонтаждалды (штендерлер, баннерлер, илмек).

Райондор боюнча:

1.Свердлов районунда төмөнкү даректер боюнча 118 конструкция алынды:
-Чүй проспектисинде Төрөкул Айтматов көчөсүнөн баштап Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
-Мамбетов көчөс Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин.

2.Ленин районунда 46 даана төмөнкү даректе:
-Манас проспектисинде Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.

3.Октябрь районунда 84 жарнак алынды:
-Байтик Баатыр көчөсүндө Семетей көчөсүнөн Магистраль көчөсүнө чейин;
-Чынгыз Айтматов проспектиси Семетей көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин.

4.Биринчи май районунда 64 конструкциялар алынды:
-Манас проспектисинде Ахунбаев көчөсүнөн баштап Чүй проспектисине чейин.

КР “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 277-беренесине ылайык, 112500 сомго 10 протокол түзүлдү.

«Урматтуу шаардыктар! Өзүм билемдик менен орнотулган көрнөк-жарнактарды өз ыктыярыңыздар менен алууну суранабыз. Эгерде жогорудагы айтылган талаптар аткарылбаса тиешелүү кызматтар тарабынан бузуу иштерин жүргүзүүгө туура келет жана КР “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 277-бернесине ылайык, айыппул салынат (жеке жактарга – 5 500 сом, юридикалык жактарга – 17 000 сом)», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 90