• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Бишкекте тоноого шектүү 2 жаран кармалды

5 Бештин айы 2020 9:57 Бишкек Govori.TV

Бишкекте тоноого шектүү 2 жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-декабрда болжол менен саат 03:53 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына 11-кичи районунан акча тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1988-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 03:40 чамасында белгисиз эки жаран күч колдонуп, акчасын тоноп кеткен.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган И.А. жана 2001-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандарды кармашып, октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 201-берененин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 45