• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте транссексуалдар менен жаш жигиттин ортосунда чыр чыкты

22 Аяк оона 202116:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жаштардын ортосунда чыр чыкты. Кайгуул милициянын маалыматы боюнча, окуя 18-сентябрда болгон.

Алар борбордогу кызмат өтөп жаткан учурда, түнкү клубдун жанындагы чырды көрүшкөн. Ал жакта кыздар жаш жигит менен урушуп жатышкан.

Кайгуул кызматкерлери урушуп жаткан адамдарга барганда, аларга жаш жигит жардам сурап кайрылган.

«Мен кыздардын бирөөнө «качок» экенсиң деп эле айтып койгом», — деди ал кайгуул кызматкерлерине жана журналисттерге чырдын себебин түшүндүрүп жатып.

Жыйынтыгында урушка тиешеси бар бардык жарандар милиция пунктуна жеткирилген.

Буга чейин, маалымат каражаттары чыр жаш жигит менен транссексуалдардын ортосунда чыгып, кол көтөргөнгө чейин барышканы маалымадалып, КТРКнын соцтармактагы баракчасына видео жарыяланган.

Количество просмотров: 394