• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкекте троллейбуска контролерлор изделүүдө

19 Чын куран 2024 9:48 Бишкек Govori.TV

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы өзүнүн жамаатына жооптуу кызматкерлерди чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, жол кирени төлөө процессин көзөмөлдөп, «Тулпар» карталарын сата турган контролерлор талап кылынат.

Белгиленгендей, айлык акы күнүнө 1500 сом, ал эми кошумча сыйлык – ар бир сатылган «Тулпар» картасы үчүн 10 сом.

«Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар: 0312 657 590, 0701 507 700», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 147