• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте цехте иштеген жумушчу 24 кишиге коронавирус жуктурган

30 Бугу 2020 11:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы өндүрүш ишканаларынын биринде иштеген жумушчу 24 адамга коронавирус жуктурган. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда  саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын учурунда билдирди.

“Бүгүн жаңы катталган 60 учурдун ичинен 52си байланышта болгондордун арасынан табылган. Коронавируска ишенбеген да жарандар бар, бирок бул инфекция тез убакытта жугуп, тарап кетишин эске салабыз. Мисал келтирсек, борбордогу объекттердин биринде коронавирус жугузуп алган бир кызматкерде илдеттин симптомдору билинген эмес. Ал жумушка келип, иштей берген. Тилекке каршы, кыска убакыттын ичинде аны менен байланышта болгон 60 кызматкердин 24дө вирус тастыкталган. Андан сырткары, үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жугузган учурлар кездешүүдө. Андыктан, ар бир адамдан санитардык талаптарды так сактоого жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз”, — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 108