Бишкек.11.03.2019. Govori.TV.
Бишкек шаары, Свердлов районундагы турак үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, Сечинов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм жана саат 18:45те Штаб, саат 19:00дө ӨКМ дин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан ыкчам топ, саат 19:00дө Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Мындан сырткары жерине ИИМ, тез жардам жана РЭТ кызматкерлери тартылган. Кошумча маалымат берилет.