• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте турак үй өрттөндү

24 Бугу 202212:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунун Көкчө-Тоо көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Жерине өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа тартылган. Өрт саат 11:33тө чектөөгө алынып, толук саат 12:00 өчүрүлдү»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

Теги:
Количество просмотров: 210