Бишкек шаарынын Ленин районунда алдын ала маалымат боюнча, Целинная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 15:34тө Биринчи Май райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-борбору билдирет.
Кошумча саат 15:37де Биринчи Май райондук №8 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 15:50дө Биринчи Май райондук №4 өрт-куткауу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп жалпы 4 бөлүм тартылган.
Өрт саат 16:24тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.