Бишкек шаарында «Альянс» туристтик компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-августта милицияга жабырлануучу кайрылып, «Альянс» туристтик компаниясынын жетекчисине чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, жетекчи ушул жылдын 13-январында туристтик кызмат үчүн 126 миң 288 сом алып, качып кеткен. Мындан тышкары милицияга дагы 8 адам кайрылып, «Альянс» компаниясынын иш-аракеттеринен жабыр тартканын билдиришкен.
Натыйжада шектүү катары 1986-жылы туулган Т.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
«Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
«13-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүүнү октябрь айына чейин үй камагына чыгарды. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси аныкталып жатат», — деп айтылат маалыматта.
Шектүүдөн жабыркагандар (0312) 56-32-48, (0708) 58-88-85, (0550) 10-23-60 телефон номурларына кайрылса болот.