• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте Украинада каза болгондорду эскерүүгө чыккандар кармалды

24 Бирдин айы 2023 14:40 Бишкек Govori.TV

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Бишкектеги Эмен багына (Дубовый парк) Украинада курман болгондору эскерүү үчүн чыккан жети кишини милиция кармап кеткенин «Азаттыкка» билдирди.

«Бүгүн Украинадагы согушка бир жыл толду. Каза болгондорду эскерүү үчүн келишкен экен. Колдорунда украин желеги бар окшойт. Азыр жактоочу кетти. Алар кимдер экени белгисиз. Бирок, милициянын бул кылганы туура эмес. Эми курман болгондорду эскерип, гүл койгонго уруксат жокпу?», — деди Абдирасулова.

Ал кармалгандар Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө экенин билдирди. Милициядан бул боюнча маалымат даярдалып жатканын кабарлашты.

Бүгүн, 24-февралда Эмен багындагы скульптор Сенкевичтин «Жер — биздин үй» деген эмгегинин жанында Украинада каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлөрү айтылган.

Количество просмотров: 95