Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.
Бишкекте улуттук стилдеги темир тосмолорду коюп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектиси менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинде аталган тосмолор орнотулат.
Баардык деталдар “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин күчү менен жасалган. Орнотуу иштери бүткөрүлгөндөн кийин аталган тосмолор жарыктандырылат.
