«Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 82 жаштагы аял кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, кырсык кечээ Абдрахманов жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
«Жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүлүп, андан соң аны ооруканага жеткиришти», — деп айтылат маалыматта.