Бишкек шаарынын П. Лумумбы жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ пресс-борбору маалымдайт.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм жана штаб тартылган.
Мындан сырткары РЭТен 1 бригада ИИМден 4 экипаж жана «Бишкек» тазалык муниципалдык ишканасынан 3 суу ташуучу унаа тартылган.
Жеринде КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ абалды көзөмөлдөөдө.
Өрт 06:04тө чектөөгө алынды.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Өрттүн аянты болжол менен 800 ч.м.