• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте унаа уурдоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалды

17 Жетинин айы 2020 9:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында унаа уурдоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда саат 18:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде «Хонда-ария» үлгүсүндөгү автоунаа уурдалгандыгы тууралуу билдирүүтүшкөн. Окуя болгон жерге кайгуул кызматынын кызматкерлери барган учурда, С.Ш. унаасын мыйзамсыз айдап, качып кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, автоунааны мыйзамсыз айдап, качып кеткен деп шектелип, 1986-жылы туулган С.Д. аныкталып, кармалган. Ал Ленин РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 50