• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте уруксатсыз илинген жарнамалар тазаланууда

15 Чын куран 202414:18 Бишкек Govori.TV

Бишкектин көчөлөрүндөгү таяныч мамыларына уруксатсыз илинген жарнамалар тазаланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгиленгендей, мамыларды таза кармоо – бул эстетикалык гана маселе эмес, шаардын жалпы көрүнүшүн жакшыртуу аракетинин бир бөлүгү болуп саналат.

Муниципалитеттен баса белгилешкендей, дайыма тазалап, сырдап турганы менен мамыларда тынымсыз жаңы жарнамалар, жарыялар пайда болууда. Буга байланыштуу шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранабыз.

Количество просмотров: 82